Жумгал районунда үч тургунду бычактаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 1-январында болгон. Анда Миң-Куш айылынын 1993-жылы туулган К.Ж. аттуу тургуну мас абалында үч жаранды бычактап салган. Анын кесепетинен 1990-жылы туулган Н.Уланов каза тапса, 1977-жылкы Т.Т. жана анын аялы, 1982-жылкы Б.О. жабыркап, аймактык ооруканага жеткирилген. Ал эми кылмышка шектүү ошол эле күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.