Биз социалдык тармакта

"Алмазбек Атамбаев мугалимдердин айлыгын 50 пайызга көтөрүү боюнча бизге тапшырма берди" деди каржы министри

"Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев мугалимдердин айлыгын 50 пайызга көтөрүү боюнча өкмөткө тапшырма берди". Муну бүгүн, 12-январда каржы министри Ольга Лаврова 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Бул боюнча ички ресурстарды кайрадан карап чыгуу иштери жүрүп жатканын айткан министр: "Кайрадан эсептеп чыгуулар болот. Бажы биримдигине кирүүнүн жыйынтыгы менен берилген акча каражатынан ушул маселени чечүүгө жумшасак да болот. Бул маселе жылдын экинчи жарымында чечилиши мүмкүн",- деп билдирди.  
Айта кетсек, буга чейин өкмөт 2015-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлбөй турганын билдирип келген эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан