“Шериктештик Кубогу-2015” мелдешине даярдыгынын жүрүшүндө Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Катардын Доха шаарында машыгуу сборун өткөрүп жатат. Бул сбордун алкагында 21 жашка чейинки курактагылардан түзүлгөн жаштар курамасы Судандын 18 жолку чемпиону болгон “Аль-Меррейх” клубу менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы маалымдады. Беттеш 2:0 эсебинде судандыктардын жеңиши менен аяктады.
Кошумчалай кетсек, бул Кыргызстандын жаштар курамасынын аталган сбор алкагындагы экинчи жолдоштук беттеши. Буга чейин кыргызстандыктар 6-январда Катардын жаштар курамасына каршы ойноп, 3:1 эсебинде утуп алышкан.
Кошумчалай кетсек, Орусияда өтө турган “Шериктештик Кубогу-2015” мелдеши 16-январда старт алат.