Эске салсак, латвиялык ишкер Валерий Белоконь 2010-жылдын Апрель окуясынан кийин кыргыз бийлиги борбор калаадагы “Манас” банкын мыйзамсыз тартып алганын жана анын менчик укугун бузгандыгын айтып, эл аралык сотко кайрылган болчу. Соттун чечими менен кыргыз өкмөтү латвиялык ишкерге 16,5 миллион доллар төлөп бермек. Бирок ал акча каражат бүгүнкү күнгө чейин төлөнүп бериле элек.