28-январдан 1-февралга чейин Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда бокс боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Адылхан Бекболотов кабарлады.
Маалыматка ылайык, 38-ирет уюшулуп жаткан мелдеш Д.Шопоковдун 100 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына туура келип, жогорку уюшкандыкта өткөрүлмөкчү. “Буга чейин болуп көрбөгөндөй, быйыл мелдешке 10 мамлекеттин спортчулары келишет. Биринчи жолу Таиланд, Монголия, Эстония жана Литва мамлекеттери катышууга макулдугун беришти. Жалпысынан 160 мушкердин катышуусу күтүлүүдө”,- деди А.Бекболотов.
Кошумчалай кетсек, мелдеш ошол эле учурда Олимпиадага жолдомо берүүчү мелдештерге даярдык иретинде өткөрүлүүдө. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен мелдештин уюштуруу иштерине 1 миллион 200 миң сом бөлүнгөн.
Катыша турган улуттук курамалар: Казакстан, Кытай, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Орусия, Таиланд, Монголия, Эстония, Литва, Кыргызстан.