Панфилов районунда адам өлтүрүү фактысына шектелген жаран кармалды

Панфилов районунда адам өлтүрүү фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 12-январга караган түнү саат 02:30 чамасында Чалдыбар айылынын Широкая көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 96 жаштагы пенсионердин өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган дарекке келген милиция кызматкерлери үйдөн Сулайка Нусурбаева аттуу 96 жаштагы пенсионердин сөөгүн табышкан.

Үйдө пенсионер менен чогуу жашаган небереси жана келини болгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында маркумдун үйүнө 24 жаштагы А.Эрлан аттуу тууганы келгени аныкталган. Ал балалуу болгонун айтып, үйдөн кемпирдин келини менен спирттик ичимдиктерди ичкен. Арак ичип жатканына нааразы болгон пенсионер менен А.Эрландын ортосунда уруш чыгып, алар айтышып кетишкен. Анан маркум кемпир конокко келген А.Эрланды бутка жана далыга чапкан. Ага ачууланган конок кемпирди ур-токмокко алып, столдун үстүнөн бөтөлкөнү алып сындыра чаап, анын сыныгы менен кемпирди моюнга жана бетине бир нече жолу сайган. Ошол убакытта бөлмөгө кирип келген маркумдун небереси аны токтотууга аракет кылган. Ал эми кемпирди өлтүргөн алыскы тууганы окуя болгон жерден качып кеткен” деп айтылат маалыматта.        

Бул кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Эрлан кармалып, ага карата киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ajar.
2015-01-12 16:52:35
Байкуш эркек сөрөй! Алың ушу эки буту көрдө турган, алсыз кемпирге жеттиби? Алсыз, мажүрөө байкуш, сен киши эмессиң!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан