Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) версиясы боюнча добуш берүүдө "2014-жылдын мыкты машыктыруучусу" наамын Германия курамасы менен Дүйнө чемпиондугун уткан машыктыруучу Йоахим Лёв жеңип чыкты. Бул жеке сыйлык үчүн жарышта Лёв УЕФАнын Чемпиондор Лигасын уткан Карло Анчелотти (“Реал”) менен Испаниянын чемпиондугун уткан Диего Симеонени (“Атлетико”) артка таштады. Й.Лёв сөз алып, бул сыйлыкты жеке өзүнө таандык катары баалабай турганын айтты. "Германия Дүйнө чемпиондугун утуу үчүн көп иштерди кылды. Андыктан жаштар курамаларын машыктырып келген машыктыруучулар штабынын, Германияда футбол системин түзгөн адамдардын жана оюнчулардын эмгектерин баалап кетким келет",- деди. Ал эми айымдардын мыкты машыктыруучусу катары германиялык "Вольсбургдун" машыктыруучусу Ральф Келлерман сыйлык алды.