Ысык-Көл облусунда мас абалында аялын бычактаган жаран кармалды

Ысык-Көл облусунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 13-январда билдирди.

Маалыматка караганда, бул окуя 12-январь күнү саат 20:20 чамасында Каракол шаарында болгон. Анда 53 жаштагы жаран өз аялын бычак менен сайып өлтүргөн. Алдын ала маалымат боюнча, кылмышка шектүү ошол учурда мас абалында болгон. Кийин аялы экөөнүн ортосунда уруш чыгып, ушул ишке барган.

Учурда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан