Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен үйдүн короосунда жыйылып турган 9 тонна чөп толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле борбордогу Көк-Жар жаңы конушунун Куйручук көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Иликтөө иштеринин натыйжасында өрттүн келип чыгуусуна мешти пайдаланууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгону аныкталды.