"Манас" эпосунан алынганы айтылып келген алыш күрөшү жабык имаратта өтүүчү Азия оюндарынын программасына кирди. Оюндар 2017-жылы Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабад шаарында өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда аталган спорт түрү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу
Кабыл Бөрүбаев билдирди.
Анын айтымында, жакында Эл аралык күрөш федерациясынан кат келген. "Учурда алыш жогорку ылдамдык менен өнүгүп жатат. Бул спорт түрү 80 мамлекетте бар. Жабык имараттарда ойнолуучу Азия оюндарына жолдомо алуу үчүн атайын жолдомо алышыбыз керек. Бир катар Азия жана Дүйнө чемпиондуктарына жолдомо ойнотулат",- деди машыктыруучу.
Кабыл Бөрүбаев кошумчалагандай, оюндардын программасына киргизилген алыш спортунда 6 салмак категориясы болот (60 кг, 70, 80, 80, 90, 100, 100 килограммдан жогорку салмак).