Эртең Москвада 23 адамдын өмүрүн алган метро кырсыгына байланышкан соттук отурум болот

Эртең, 14-январда Орусиянын Москва шаардык соту 23 адамдын өмүрүн алган метро кырсыгына шектүүлөрдүн ишин карайт. Орусиянын маалымат каражаттары кырсыкка күнөөлүү деп кармалган 4 адам 7 жылга чейин эркиндигинен ажыратыларын тиешелүү органдарга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.  

Эске салсак, 2014-жылдын 15-июлунда эртең менен "Славян бульвары" станциясынан 200 метр алыстыкта поезд тез токтоп, 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Метродогу кырсыктан көз жумгандардын саны 23кө жетип, жаракат алгандардын саны 150дөн ашкан. Кырсыктан көз жумгандардын ичинде кыргызстандык Мээрим Арунова да болгон. Курман болгондордун жакындарына 1 миллион рублдан, ал эми жаракат алгандарга 500 миң рублдан компенсация төлөнүп берилери убадаланган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuru95kg
2015-01-13 18:47:53
Кудай озу сактасын! Дайым унаа га чыгардан мурда дуаларын окуп чыгуу керек!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан