Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылындагы турак үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 68 жаштагы Кылыч Абдиев аттуу үй ээси түтүнгө ууланып каза тапты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 14-январда билдиргендей, өрттүн кесепетинен үй оокаттары толугу менен күйүп кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт тиричилик электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам келип чыккан.