Борбор калаада алдамчылыкка шектүү катары Кант шаарынын 23 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 36 жаштагы А.У. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал Тунжай аттуу чала таанышы ишенимине кирүү менен 2014-жылдын сентябрь айында 3 миң долларын алып, ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Б.Т. аттуу жаран кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.