Бишкектеги Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Свердлов райондук прокуратурасы мэриянын алдындагы Муниципалдык менчик башкармалыгынын бир катар кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кызматкерлер борбордогу Москва жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги тез татым борборунан тийиштүү ижара акы алышкан эмес. 5 жыл ичинде аталган объект мэрияга 122 миң сом төлөмөк. Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлерине "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "шалаакылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан