Америкалык мушкер Флойд Мейвезер менен 66,7 килограмм салмактагы Дүйнө чемпиону, филиппиндик Мэнни Пакьяонун ортосунда беттештин болору жарым-жартылай чечилди. "Эки мушкердин өкүлдөрү макулдашууну ийгиликтүү ишке ашырышты" деп бүгүн, 14-январда чет элдик маалымат булактары кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2015-жылы 2-майда Америкада өтөрү пландалып жаткан беттеште Мейвезер тарап негизги гонорардын 60 пайызына ээ болсо, Пакьяо тарап 40 пайызды алууга көндү. Айрым булактар кабарлагандай, азырынча келишимге мушкер катары Флойд Мейвезердин колу коюла элек. Ошентсе да Флойддун мындай кадамдан баш тартпасын анын тарапташтары баса белгилешти.