Акыркы сутка ичинде республика аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, Таш-Көмүр шаарында жеңил унаа толугу менен күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнчаакыркы сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Борбордун 12-кичи районунда жайгашкан селсаяктардын жатагынын аймагында өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен темир будканын ичинде 6 чарчы метр таштанды күйүп кеткен. Өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыккан. Ошондой эле Таш-Көмүр шаарындагы Баетов көчөсүндө Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан