Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары кышкы каникул учурунда жылгаяк тээп келишти

Кечээ, 14-январда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги лыжа базаларынын бири менен балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн спорттук көңүл ачуучу оюндарды уюштурду. Ага Военно-Антоновка, Панфилов, Чүй балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары катышты. Бул тууралуу аталган агенттиктен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чараны агенттиктин директору Кадырбек Эргешов ачып, бул саамалыктын сергек жашоону, кышкы спорт түрлөрүн жайылтуу жана кышкы каникул учурунда балдардын активдүүлүгүн камсыздоо максатында уюшулганын белгиледи. Иш-чаранын алкагында жаш балдар жылгаяк тээп эс алса, улуу курактагылар сноуборд тебүүдө өзүлөрүн сынап көрүштү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан