2014-жылдын соңунда Германиянын Лигасы 1 айлык эс алууга чыкты. Ал эми башка лигаларда оюндар болуп жатат. Ошол эле учурда трансфер үчүн 1 айлык жарыяланган. Бул аралыкта командалар оюнчуларды сатуу, сатып алуу жана ижарага берүү укуктарын алышат. Алдыда акыркы 15 күн ичинде катталган маанилүү трансферлерге токтолобуз...
Фернандо Торрес италиялык “Миландан” испаниялык “Атлетикого” өттү.
* Акыркы 7 жылда англиялык
“Ливерпуль”, “Челси” жана италиялык “Милан” клубдарында ойноп бир катар
ийгиликтерге жетишкен испаниялык футболчу Фернандо Торрес “Атлетикого” кайтып
келди. Футболчу ушул клубдун академиясында тарбияланган. Ал “Атлетиконун”
машыктыруучусу Диего Симеоненин суранычы менен келгени айтылууда. Трансфер үчүн
акча сарпталган жок (ижарага келди).
Вилфрид Бони “Суонси” клубун “Манчестер Ситиге” алмаштырды.
* Африкалык 26 жаштагы футболчу акыркы 2 жылда
өзүн “Суонсинин” курамында мыкты деңгээлде көрсөттү. Өткөн сезондо Англиянын футбол
боюнча биринчилигин уткан “Манчестер Сити” аны көз жаздымда калтырбай, “Суонсиге”
Бони үчүн 25 миллион евро төлөп берди.
Лукаш Подольски “Арсеналды” таштап, “Интерге” өттү.
* Германия курама
командасы менен Дүйнө чемпиондугун уткан Лукаш Подольски лондондук “Арсенал”
менен убактылуу коштошту. Ал ижарага италиялык “Интердин” курамына өттү. Мунун
баары башкы курамда ойноп, Германия курамасындагы ордун сактап калуу аракети
катары бааланууда. Анткени Германиянын башкы машыктыруучусу Йоахим Лёв футболчунун
улуттук курамга алынбай калуусу мүмкүн экенин айткан.
Алессандро Диаманти кытайлык клубдан италиялык “Фиорентинага” өттү.
* Италиялык жарым коргоочу
Алессандро
Диаманти кытайлык “Гуанчжоу” клубунан италиялык “Фиорентинага” өттү. Жарым жылга түзүлгөн келишим аяктаган соң
италиялык клуб футболчуну сатып алат.
Жаракатка жакын Хатем Бен Арфа Францияны көздөй жөнөдү.
* Англиялык “Ньюкасл”
футболдук клубунун жарым коргоочусу Хатем Бен Арфа Франциянын “Ницца” клубунун
курамына кошулду. 27 жаштагы футболчу арты-артынан алган жаракаттарынан улам
Англияда өзүн жетиштүү көргөзө алган жок.
Роман Широков орусиялык “Спартакта” машыктыруучу менен тил табыша албай, “Краснодарга” өттү.
* Орусия курамасынын бир кездеги лидери Роман Широков
москвалык “Спартак” клубунан “Краснодарга”
өттү. Мунун себебин футболчу майданга көбүрөөк чыгуу мүмкүнчүлүгүн алгысы
келгени менен түшүндүрдү. Широков буга чейин москвалык клубдун машыктыруучусу
Мурат Якин менен урушуп, анын машыктыруу системин жактырбаганы айтылып келген.
Атүгүл футболчу “Качан футбол ойноп баштайбыз?” деп какшыктаганы да талкуу
жаратып келген.
“Валенсия” Энцо Перести алуу үчүн 25 миллион евро сарптады.
* Португалиялык
“Бенфиканын” курамында ойноп келген аргентиналык футболчу Энцо Перес “Валенсияга”
келип кошулду. Анын трансфери 25 миллион еврого бааланып, футболчу 4 жылдык
келишимге кол койду. Испаниянын биринчилигинде алдынкы 4 орундун бирин ээлеп, УЕФАнын
Чемпиондор Лигасына чыгуу аракетин көрүп
жаткан “Валенсия” клубунда Энцо 15-номурдагы футболка менен ойнойт.
Жердан Шакири “Баварияны” италиялык “Интерге” алмаштырды.
*
Швейцария курама командасынын лидери Жердан Шакири германиялык “Бавариянын” курамынан кетип, италиялык “Интерге” кошулду. Ижарага өткөн футболчу сезондун акырына чейин Италияда болмокчу. Андан соң гана “Интер” футболчуну 15 миллион еврого сатып алат.