Токмок шаарында бир үй-бүлөдө 4 адам каза тапты, анын ичинде 3 кыз жана алардын атасы бар. Каза болгондор иске ууланганын SUPER.KG порталына Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин басма сөз кызматынын жетекчиси Шабдан Рыскулов билдирди.
Бүгүн, 15-январда Чүй ОИИББинин маалыматына караганда, үйгө келген кыздардын энеси тамак ичүүчү бөлмөнүн полунан 13 жаштагы Камила жана Рамила аттуу эгиз кыздарынын жансыз денелерин тапкан. Үйдүн чарпаясынан 48 жаштагы А.Исмар аттуу үй ээсинин денеси да табылган.
"Токмок шаарынын аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө ушул эле үй-бүлөнүн 2 мүчөсү алынып келген. Кийинчерээк алардын бири эсине келбей жатып каза болду. Аларды медициналык кароодон өткөргөндө денелеринен эч кандай жаракаттар табылган эмес",- деп билдирди Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы.
Каза тапкандардын үйүн текшерүү маалында үйдүн терезелери ачык экендиги аныкталган. Ал эми столдун үстүнөн айнек банкадагы туздалган бадыраң жана помидорлор, шорпо жана макарондон жасалган тамактар табылган.
"Үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн өлүмүнүн себебин аныктоо максатында үйдөн табылган тамак-аштар соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлгөн. Алгач алардын тамак-аштан ууланганы боюнча божомолдор айтылган. Экспертизанын жыйынтыгында үй-бүлөнүн 4 мүчөсү иске ууланып каза тапканы аныкталды",- деди Шабдан Рыскулов.