Орусияда кыргызстандык жаран инспекторго пара берүүгө аракет жасаганы үчүн 2 жылга чейин эркиндигинен ажырашы мүмкүн

Якутияда Кыргыз Республикасынын 24 жаштагы жараны Транспорт полициясынын кызматкерине 1 миң рубль пара берүүгө аракет жасады. Ал минтип Орусиянын аймагында жүрүү мөөнөтүн бузуусу боюнча административдик жоопкерчиликтен кутулайын деген. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Орусиянын ИИМине шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү жаранга айып пул тагылат же ал 2 жылга эркиндигинен ажырашы мүмкүн. "Тиешелүү материалдарга ылайык, жаранга карата процессуалдык чечим чыгат",- деп билдиришти басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulmaray
2015-01-15 17:11:47
Кайда журсо Кыргызстандыктар жабыр тартышат.
0
orhidea83
2015-01-16 00:53:02
Мына сага законбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан