Эртең, 16-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 12 мамлекеттин футбол боюнча жаштар курама командаларынын катышуусунда “Шериктештик Кубогу” мелдеши старт алат. Бул мелдешке Кыргызстандын 21 жашка чейинки футболчулары да катышат. Бүгүн, 15-январда машыктыруучу Мирлан Эшенов мелдешке катыша турган курамды жарыялады. Мелдеш жана Кыргызстандын курамы тууралуу чакан маалыматтар назарыңызда.
КМШнын АЙМАГЫНДА ЖАШТАР КУРАМАЛАРЫ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ МЕЛДЕШ
"Шериктештик Кубогу" 1993-жылдан бери Орусиянын Футболдук кеңешинин желеги астында уюшулуп келет. 2011-жылга чейин мелдеш КМШга мүчө мамлекеттердин клубдар аралык биринчилигинде жеңип чыккан командалардын катышуусунда өтүп келген. 2011-жылдан тарта "Шериктештик Кубогу" ФИФАнын колдоосуна арзып, форматы өзгөргөн. Тактап айтканда, ушул жылдан тарта аталган кубок үчүн өлкө чемпиондуктарын уткан клубдар эмес, 21 жашка чейинки курактагы жаштар курамалары күрөшө баштаган. Бул дээрлик бардык катышуучулардын жаштар курамалары үчүн керектүү мелдеш. Мындай тыянакка уюштуруучулар КМШ мамлекеттеринин футбол федерациялары арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодон кийин келишкен.
МЕЛДЕШТИН УЧУРДАГЫ ЧЕМПИОНУ УКРАИНА КАТЫШУУДАН БАШ ТАРТТЫ
* Өткөн жылы "Шериктештик Кубогунун" финалында Орусия курамасын 4:0 эсебинде утуп, чемпион аталган Украина курамасы бул жылы мелдешке катышпайт. Мындай чечимди Украинанын Футбол федерациясынын аткаруу комитети чыгарган. Бул чечим саясий кырдаалдар менен байланыштуу экени спорт менен аралашпаган кишиге да түшүнүктүү эмеспи. Башта уюштуруучулар бул жылы командалардын санын 16га жеткирүүнү пландап, 18 командага кат жөнөтүшкөн. Бирок бир катар мамлекеттер катышуудан баш тартышкан. КМШга кирбеген мамлекеттерден биринчи болуп бул биринчиликке Финляндия менен Түштүк Африка Республикасы катышуу алдында турат. Азыр биринчиликтин форматын дагы кеңейтүү, өзгөртүү маселелери актуалдуу бойдон калууда. Кийинки жылдары мелдеш Кытай, Бразилия, Индия курамаларынын катышуусунда өтүп калышы мүмкүн.
КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН КАТЫШУУНУН ӨЗҮ ЭЛЕ ЖЕҢИШ!
* Ал эми Кыргызстан жаштар курамасы бул жолу "В" тайпасында Молдавия, Орусия жана Латвия командалары менен күч сынашат. Орусия тайпанын эле эмес, мелдештин алдынкы командасы. Ал эми Кыргызстан калган эки команда менен тайпадан чыгуу аракетин кызуу көрмөкчү.
Белгилей кетчү жагдай, 21 жашка чейинки курамасы башка мамлекеттердин футболчуларына салыштырмалуу жыл ичинде өтө аз оюн өткөрөт. Биздин жаш футболчулар, машыктыруучу ала турган эл аралык тажрыйбаны эске алсак, бул Кыргызстан үчүн өтө маанилүү мелдеш, Кыргызстандын ички биринчилигине да тиешелүү деңгээлде оң таасирин тийгизет. Аталган артыкчылыктарды эсепке алганда, бул Кыргызстандын жаштар курамасы үчүн катышуунун өзү жеңиш.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылкы мелдеште Кыргызстан тайпадан чыга алган эмес. Андан соң түрдүү орундарды талашууда бардык беттештерин уттуруп, 12 команданын ичинен 12-орунду ээлеп калган. Буга байланыштуу команданын башкы машыктыруучусу Анарбек Ормонбеков кызматынан бошотулган. Учурда курамды жаш машыктыруучу Мирлан Эшенов бул мелдешке даярдоодо.
КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕЛДЕШКЕ КАТЫША ТУРГАН ТОЛУК КУРАМЫ:
Дарбазачылар: Илим Оморов (“Алга” клубу), Андрей Шикин (“Наше пиво”).
Коргоочулар: Тамирлан Козубаев, Санжар Шаршеев (экөө тең “Дордой”), Мустафа Юсупов (“Ала-Тоо”), Акрам Умаров (“Абдыш-Ата”), Кудайберген Эшимов (“Наше пиво”), Аскарбек Салиев (“Алга-2”), Роман Левченко (“Беловодск”).
Жарым коргоочулар: Мирбек Кудайбердиев, Фархад Мусабеков, Бахтияр Дүйшөбеков (баары “Абдыш-Ата”), Мирбек Акматалиев (“Алга”), Ахлетдин Исраилов (“Динамо Киев-2”, Украина), Султанбек Момунов (“Живое пиво”), Давлят Баратов (“Наше пиво”), Бекжан Сагынбаев (“Дордой”), Элдияр Сардарбеков (“Наше пиво”).
Чабуулчулар: Абай Боколеев (“Ала-Тоо”), Элхан Темирбаев (“Дордой”).
Башкы машыктыруучу: Мирлан Эшенов.