Бишкектеги ооруканалардын биринде директордун орун басары жана хирург пара алып, бөлүшүп жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-январда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Бишкектеги ооруканалардын биринин кызматкерлери 8000 сом акча талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, оорукананын жетекчисинин орун басары, 49 жаштагы Ш.И. жана 51 жаштагы хирург Д.Н. пара алып, аны бөлүшүп жаткан жеринен кармалышты. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.