2014-жылдын 10-декабрынан 2015-жылдын 14-январына чейин Ленин районунун мугалимдеринин арасында спартакиада өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, спартакиадага 14 команда катышты. Волейбол боюнча 1-орунду №84-орто мектептин командасы, 2-орунду №77-орто мектеп жана 3-орунду №31-орто мектеп багындырды.
Ал эми стол тенниси боюнча 1-орунга №84-орто мектеп, 2-орунга №80-орто мектеп жана 3-орунга №50-орто мектеп ээ болду.
Шахмат боюнча 1-орунга №50-орто мектеп, 2-орунга №80-орто мектеп жана 3-орунга №82-орто мектеп татыктуу болду. Спартакиаданын бардык жеңүүчүлөрү уюштуруучулар тарабынан кубок, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.