Бүгүн, 15-январда Бишкекте
жол кырсыктары боюнча репортаж жасап жаткан телеканалдардын биринин операторлору жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына алардын кесиптештери билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабыркаган операторлор: Эрлан Кемелбеков жана Манас Бакешев.
"Башында Э.Кемелбеков жолдун четинде туруп съёмка жасап жатканда, аны унаа сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге Жол-кайгуул кызматы жана "Тез жардам" кызматы чакырылган. Репортажды бүтүрүү үчүн башка оператор М.Бакешев чакырылган. Бирок аны да унаа сүзүп кеткен. Учурда кырсыкка кабылган операторлор ооруканада. Алардын абалы туруктуу",- дешти журналисттер.