Кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев “Украинские атаманы” жарым профессионалдык бокс клубунун курамында Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын жаңы сезонундагы биринчи беттешин 23-январда өткөрөт. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, бул күнү украиналык клуб британиялык командага каршы турмакчы. Ал эми клуб жаңы сезонду Мексиканын клубу менен кезигүүдөн баштайт. Украиналык клуб бул сезондо Мексика, Британия, Куба, Орусия, Алжир, Кытай жана марокколук клубдар менен бирге “А” тайпасында жайгашкан. Мелдештин жыйынтыгына карап, Олимпиадага жолдомолор берилет.
Кошумчалай кетсек, 52 килограмм салмактагы мушкер А.Усеналиев быйыл аталган мелдешке экинчи ирет катышууда. Өткөн жылы ал 5 беттеш өткөрүп, анын төртөөсүндө жеңишке жетишкен. Бул жылы А.Усеналиев менен катар аталган клубдун курамына кыргызстандык Өмүрбек Малабеков да кошулган.