Нарындагы Борбордук Азия университетинин куруучуларынын ортосунда массалык уруш чыккан эмес. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти:
"Айрым маалымат булактарында "курулушта иштеген казак жарандары менен кыргыз жарандарынын ортосунда уруш чыгыптыр" деген маалымат тараган. Бул чындыкка дел келбейт, себеби ал жерде мушташ болгон эмес. Анда 1991-жылы туулган Ысык-Ата районунун тургуну Нурсултан Темирбек уулу менен казак улутундагы бала уруша кетишкен. Окуя 12-январь күнү курулушчулар жатаканасында болгон".
Алдын ала маалыматтарга ылайык, алар спирттик ичимдиктерин ичишкен. Кийин Н.Темирбек уулу казак жаранынын үстүнөн милицияга арыз жазган. Учурда ал тосмо арыз жазып, бул иш жабылган.