Жалал-Абадда мугалимдер арасында спорттук мелдештер өттү

14-15-январь күндөрү Жалал-Абад шаарындагы мектептердин мугалимдеринин арасында Кышкы Спартакиада болуп өттү. Мугалимдер спорттун беш түрү: шахмат, стол үстүндөгү теннис, тогуз коргоол, стритбол жана волейбол боюнча күч сынашты. 
Ага 22 команда катышып, финалга 4 команда чыкты. Жыйынтыгында №21-мектеп 1-орунду, №10-мектеп 2-орунду, №4-мектеп 3-орунду ээлеп, баалуу сыйлыктарды алышты. Ошондой эле мыкты оюн көрсөткөн мугалимдер Нурила Мамажунусова, Гүлмида Төрөкулова жана Аксаамай Назарбаева Ардак грамоталар жана дипломдор менен сыйланышты. Сыйлыктарды Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев тапшырды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан