Кар көчкүдөн улам жабылган Казарман – Ак-Тал-Чат унаа жолу ачылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда билдирди.
Маалыматка караганда, 15-январь күнү саат 17:10 чамасында Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолунун 45-чакырымында (Ийри-Суу аймагы) болжол менен 500 метр куб кар көчкү түшкөн. Жолду тазалоо үчүн 1 бульдозер тартылып, саат 19:50дө унаа жолу толугу менен тазаланган.