Сокулук районунда турак үйдөн өрт чыгып, бир адам колунан күйүк алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда билдирди.
Маалыматка караганда, тилсиз жоонун кесепетинен турак үйдүн 20 чарчы метри, үй эмеректери, документтер күйгөн. Ошондой эле квартирант М.Чормонов колунан күйүк алган. Өрттүн келип чыгуусуна электр шаймандарын пайдаланууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.