Сокулук районунун тургуну “энесин өлтүргөн” деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 14-январдан 15-январга караган түнү болгон. Анда 36 жаштагы Т.Е. аттуу жаран апасы менен уруша кетип, аны бир канча жолу чаап жиберген. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерден каза тапкан.
Учурда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.