13-январдан тарта кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында машыгуу сборунан өтүп жатат. 22-январга чейин созула турган машыгуу сборуна 12 балбан аттанган. Башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында даярдыктан өтүп жаткан курам КРнын Олимпиадага даярдоо борбору тарабынан каржыланган. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сборго Тыныбекова Айсулуу (58 килограмм салмакта күрөшөт) баштаган Тилегенова Розалия (53 кг), Абдыкадырова Эльзат (55 кг), Сулайманова Динура (48 кг), Замир кызы Ажар (44 кг), Жуманазарова Мээрим (60 кг), Медет кызы Айпери (60 кг), Абыкеева Айжан (53 кг), Нурланбек кызы Бермет (53 кг), Жаркынбаева Назгүл (60 кг), Токтобек кызы Жайна (60 кг), Акбарова Айша (55 кг) сыяктуу спортчулар жөнөп кетишкен.