Маалыматка караганда, 13-январь күнү “Кыргызтелеком” ишканасынын мурдагы жетекчиси М.М., “Кыргызтелеком” ишканасынын Ош облусундагы бөлүмүнүн мурдагы директору О.М. жана “Аламүдүнэнерго” ишканасынын башкы директору П.О. “2009-2010-жылдары Ош-Эркеч-Там булалуу оптикалык байланыш кабелин курууда чоң суммадагы акча каражатын мыйзамсыз чыгарып кетишкен” деп шектелип кармалышкан.
Айта кетсек, “Кыргызтелеком” ишканасынын 90 пайыз акциясы мамлекетке караштуу. Мындан улам мамлекетке 50 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.