Чүйдө унаа оңдоочу жайдан жабдууларды уурдаган 3 адам кармалды

Чүй облусунда унаа оңдоочу жайдан жабдууларды уурдаган 3 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 57 жаштагы Кайырма айылынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар Кара-Балтадагы унаа оңдоочу жайдан 900 долларлык жабдууларды уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары үч жаран кармалган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан