Орусияда кыргызстандык генерал-майор Уран Шамшиевдин айдоочусу 20 килограмм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, генерал-майор КМШ өлкөлөрү боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бюросунда 2007-жылдан бери Кыргызстандын өкүлү катары иштейт.
Бул маалыматты азырынча Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тастыктай элек.