Өткөн жылы Бишкек шаарында 858 өрт кырсыгы катталып, 79 миллион сомдон ашык материалдык зыян алып келген. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Бишкек шаардык өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сталбек Абдылда уулу билдирди.
Анын айтымында, 2013-жылга караганда 2014-жылы өрт кырсыктарынын саны 11,6 пайызга өскөнү менен, келтирилген материалдык чыгым 33,3 пайызга азайган.
“Бишкек шаарындагы өрт кырсыктарынан 18 адам каза болуп, 11 адам жабыркаган. Ошондой эле 17 адамдын өмүрү сакталып калган”,- деди Сталбек Абдылда уулу.