Орусияда кармалган генерал-майордун айдоочусунун Ички иштер министрлигине эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, генерал-майор Уран Шамшиев КМШ өлкөлөрү боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бюросунда 2007-жылдан бери Кыргызстандын өкүлү катары иштеп, өткөн жылдын 29-майында кызматынан алынган. Учурда ал жакта Сагын Исмаилов өкүл катары иштөөдө.
“Маңзат менен кармалган айдоочунун Кыргызстандын Ички иштер министрлигине эч кандай тиешеси жок. Аны кыргыз тарап эмес, кылмыштуулук менен күрөшүү бюросунан бекитишет. Айдоочу болуп качан келгени, канча жыл иштегени бизге белгисиз” деп билдирет Ички иштер министрлиги.