2014-жылы Бишкекте катталган өрт кырсыктарынын көпчүлүгү тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыккан. Бул тууралуу Бишкек шаардык өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн инспектору Талант Өмүрбаев бүгүн, 16-январда билдирди.
Анын айтымында, электр жабдууларын куроодогу техникалык эрежелердин бузулушунан улам 269 өрт кырсыгы катталса, тамеки тартуудагы этиятсыздыктан 316 тилсиз жоо катталган. Ал эми электр шаймандарын туура эмес пайдалануудан 24 өрт чыкса, от менен болгон этиятсыздыктан 116 өрт чыккан. Ошондой эле Бишкектеги өрт кырсыктарынын көпчүлүгү турак үйлөрдө болот.