Бүгүн, 16-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 12 команданын катышуусундагы "Шериктештик Кубогу" старт алды. 21 жашка чейинки курактагы футболчулар арасында өтүп жаткан мелдештин 1-тур оюндарынын алкагында кыргызстандыктар Молдавия менен 1:1 эсебинде тең ойношту. Молдавиялыктар оюн эсебин 73-мүнөттө ачышты. Алар оң капталдан ийгиликтүү каршы чабуул уюштуруп, эсеп катыштыгында алдыга чыга алышты. 82-мүнөттө кыргызстандыктар эсепти теңешти. Кыргызстандыктар узаткан айып соккусун каршылаштардын дарбазачысы чыгарып кетти. Топко жакын чыгып калган
Бекжан Сагынбаев топту алыскы бурчка багыттап, эсепти теңеди.
Оюндун жүрүшү боюнча айтсак, Кыргызстан жаштар курама командасы топко көбүрөөк ээлик кылып, оюндун жүрүшүн көзөмөлдөй алды. Ал эми молдавиялыктар жапырт коргонууда ойноп, кези келгенде каршы чабуул уюштуруп жатышты.