5 жаштагы Жанселдин ата-энеси, туугандары дале табыла элек

5 жаштагы Жанселдин ата-энеси, туугандары дале табыла элек. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда билдирди.

Маалыматтарга караганда, өткөн жылдын 25-мартында Адель Абдрахманова аттуу айым коңшусуна өзүнүн 5 жаштагы Жансел аттуу кызын алып келип, кечке чейин карап турууну суранып, белгисиз тарапка кетип, ошол бойдон келген эмес. 1 жумадан кийин Адель Абдрахманова кызын таштап кеткен коңшусуна телефон аркылуу Казакстанда экенин айтып, Жанселди багып турууну, бул үчүн акча төлөп берерин убада кылган. Бирок ошол убактан бери Жанселдин туугандарынан да, ата-энесинен да эч кандай кабар жок болууда.

Укук коргоо кызматкерлери эгер кичинекей Жанселдин туугандары тууралуу маалыматыңыздар болсо, 102, (0552) 10-25-57, (0702) 23-66-77, (0552) 10-25-56,  (0312) 48-64-17 телефондоруна кайрылып коюуну өтүнүшөт. 

Коңшусуна таштап кеткен 5 жашар кыздын апасы изделүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Shpionka
2015-01-16 17:23:23
Мир сошел с ума. Чын адамдарга аба аркылуу жиндинин оорусу жугуп жаткан жокбу?
+4
Bakulya79
2015-01-16 17:29:20
ушундай энелерден кудай сактасын.
+1
kg.sity93
2015-01-16 17:45:31
Дет домго откоруп бербейт беле.ушунчалык кызын чанып жатса.кудай сактасын..ушундай адамдар га ыйман ынсап берсин....
0
KIPCHAK-KALMAK
2015-01-16 17:50:05
Ошондой ойу кыска ата ененсине бала да убал багалбасан мнеге торойсун кудай озун туура жол корсот коомубузга
0
HURI86
2015-01-16 18:09:39
Бироого кор дуйно бороого зар дуйно деп ушуну айтса керек кызыл этке зар какшап жургондор канча.Кеч болсо да апакеси кайтып келсин ынсап берип
0
Feijipiao
2015-01-16 19:34:16
Эххх мен жетпей журсом,булгар таштап журот акмак десе.Бакпагандан кийин,башында ойлонбойт беле ушундай акмак энелер.
+1
meli12
2015-01-17 01:51:51
Кудаай сакта кукук эне башка жакта да жон журбой жаман нерселер менен аландап журот го сыягы
0
ekaterina
2015-01-17 02:36:59
сулуу кыз экен апасы
0
Alina1984
2015-01-17 08:47:43
Сулуу болбой куруп калсын ,оз баласын таштап ,оз кызыкчылыгын ойлоп,ех журокту ооруткан жанылыктар коп болду го
0
Deniza88
2015-01-17 11:01:03
Акмак аял , окуп Жаткан болсон сага наалат . Бул кыз Эртен кандай адам болуп чоноет эми...
0
Adambol
2015-01-17 15:12:00
бироого зар дуйно, буроого кор дуйно
0
Arlenchik
2015-01-17 20:49:46
Ылайым эле кичинекей балдар ата-энесинен ажырабасынчы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан