Ош облусундагы Психиатрия борборунун бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бөлүм башчы жергиликтүү тургунду майыптыгы боюнча мөөнөтсүз каттоого алуу үчүн андан 5000 сом талап кылган. Учурда бул факты боюнча “пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.