Лейлек районунда чек ара заставасына куралдуу кол салуу болуп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 16-январь күнү саат 22:50 чамасында болгон. Анда белгисиз адамдар Лейлектеги “Айкөл” чек ара заставасына кол салышып, бир аскер кызматкери каза таап, 2 чек арачы жабыркаган. Жабыркагандар Исфана шаарындагы ооруканага жеткирилишкен. Учурда кылмышкерлерди кармоо иштери жүрүүдө.