Чек ара кызматы: Лейлек районундагы куралдуу кол салуу болгон чек ара тозотунда дайынсыз делинип жаткан эки аскер күзөткө чыгышкан

Лейлек районундагы куралдуу кол салуу болгон чек ара тозотунда дайынсыз делинип жаткан эки аскер күзөткө чыгышкан. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 17-январда билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда аталган тозотто өздүк курам толук. Ал эми дайынсыз делинип жаткан эки аскер күзөткө чыгып кетишкен.

Ал жакта телефон тартпагандыктан, байланышка чыга алышкан эмес. Учурда алар байланышка чыгышып, чек ара тозотуна келе жатканын айтышты”,- деп билдирди Чек ара кызматы.

Айта кетсек, окуя 16-январь күнү саат 22:50 чамасында болгон. Анда белгисиз адамдар Лейлектеги “Айкөл” чек ара заставасына кол салышып, бир аскер кызматкери каза таап, 2 чек арачы жабыркаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KIPCHAK-KALMAK
2015-01-17 13:45:26
Кучотуш керек чек араны конул бурбай атышат
0
alatookg312
2015-01-17 14:44:54
Кайсы тараптан экенин жазбайсынарбы
0
kaniet
2015-01-17 22:08:41
Чек араны бекемдегиле деп айта берип тилим тешилип колум жээлиди, чек арачыларыбызга ийгилик, каза болгон жоокерлердин жакындарына терен кайгыруу менен когул айтабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан