Кечээ, 18-январда "Шериктештик Кубогу-2015" мелдешинин 2-тур оюндарынын алкагында 21 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан жаштар курамасы Латвия менен кез келди. Айыгышкан беттеште 1:1 эсебиндеги тең чыгуу катталып, курамалар бирден упай ала алышты.
Мелдештин расмий сайтында кабарлангандай, беттешке 300 көрүүчү жандуу күбө болду. 53-мүнөттө Кыргызстандын дарбазачысы Гутковскистин 11 метр (пенальти) аралыктан тепкен тобун тосуп алды. Бирок 3 мүнөт өтпөй Эдуардс Тиденбергс эсепти ачып, Латвияны эсеп катыштыгында алдыга алып чыкты. Оюндун 75-мүнөтүндө Регжа экинчи сары айып кагазын алып, оюндан четтетилди. Атаандаштын майданда 10 футболчусу калганынан пайдаланып, кыргызстандыктар эсепти теңешти. Бул ирет керекке капитан Тамирлан Козубаев жарады.