Ысык-Ата районунда турак үй жана унаа толугу менен күйүп кетти
Ысык-Ата
районунда өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен турак үй жана унаа толугу менен күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 19-январда билдиргендей, өрттүн кесепетинен 48 чарчы метр, жыгач
устундуу, шифер жабылган, дубалы кыштан курулган турак үй жана үй оокаттары толугу менен күйгөн. Ошондой эле короодо турган Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү унаа да толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.