Бүгүн, 19-январда "Шериктештик Кубогу-2015" мелдешинин алкагында “В” тайпасында Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Орусия менен кез келет. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, бул 3-турдун оюну Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат.
Кошумчалай кетсек, учурда Кыргызстан жаштар курамасы 2 оюнда тең ойноп, карамагындагы 2 упай менен тайпада 3-орунду ээлеп турат. Орусияда 4 упай болсо, Молдова 2 оюнда тең ойноо (Орусия жана Кыргызстан менен) менен тайпадагы 2-орунду ээлеп турат.
3-тур оюндары:
19:30. Латвия - Молдова
22:00. Орусия – Кыргызстан