Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы "Көк-Серек" чек ара тозотунда 18-январда ок атышуу орун алып, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу 19-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын коом менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын чек арачылары Ажек аймагында чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп, аңчылык кылып жүргөн Өзбекстандын үч жаранын көрүшкөн. Алар кыргыз чек арачыларынын куралдарын тапшырып, колго түшүп берүү талабын аткаруунун ордуна чек арачыларга ок атышкан. Эки тараптын ок атышуусунан аңчылардын бири жарадар болгон. Калган экөө окуя болгон жерден качып баратканда өзбек чек арачылары тарабынан кармалган. Буга чейинки келишимдерге ылайык, жарадар болгон өзбек жаранына медициналык жардам көрсөтүлүп, тартылып алынган үч куралы менен кошо өзбек чек арачыларына өткөрүлүп берилди.