Жалал-Абадда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, ал жаракатынан кырсык болгон жерден көз жумду

Жалал-Абадда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, ал жаракатынан кырсык болгон жерден көз жумду. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-январь күнү саат 19:00 чамасында 21 жаштагы Кубанычбек аттуу жаран Бишкек-Ош унаа жолунда батыш тарапка бара жаткан. Ал 464-чакырымында жөө адамды сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 30-35 жаштагы азиат улутундагы адам мерт болду. Анын өздүгү такталууда. Окуя боюнча материалдар тергөө бөлүмүнө жөнөтүлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан