Лейлектеги чек ара заставасына жоокердин кол салганы аныкталып, жоокер чек арачыларга ок чыгарганын моюнуна алды

Баткен облусунун Лейлек районундагы "Айкөл" чек ара заставасына ошол жерде кызмат өтөгөн жоокер кол салганы аныкталды. Кол салуунун бети ачылып, кызмат өтөгөн жоокер ок чыгаргандыгын моюнуна алган. Учурда кол салуунун себептерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Чек ара кызматынан билдиришти.

Буга чейин куралдуу кол салууга шектүү катары саналган жоокер жергиликтүү тургун менен 50 миң сомго мелдеше кетип, чек ара тозотунун зардалын атып салганы айтылган. Шектүү чачма октуу мылтык менен аткандыктан, октун чачырандылары эки чек арачыга да тийген.

Айта кетсек, 16-январь күнү саат 22:50 чамасында Лейлектеги чек ара кошуунунун “Айкөл” чек ара тозотунда атылган октон зардал каза таап, эки чек арачы жарадар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
balykchy2012
2015-01-19 10:48:26
Жаны жомок
+3
Nurmuhammad
2015-01-19 11:28:48
Бугун октору чачма болуп калыптырго?
Автоматтын огунан каза болгон деп жазды элего?
Же булдагы жаны жомокбу?
Неси болсо да бир солдаттын жуктолуптур да моюнуна!!!
0
Dadasdasd
2015-01-19 11:51:58
Nurmuhammad,башынан эле чачма деп айтылууда. Байкап жазалычы коруп билбегенден кийин.
0
Deesmond
2015-01-19 11:58:55
Оппа, дагы бир фигура
0
Kairatmyn
2015-01-19 12:47:32
Калп эле фигура анан жомок деп эле оозумда созум бар деп эле урдура бербей кичине ойлонуп жазалычы. Мен биринчи куну эле ойлогом эки жоокердин связь жок жакта журушундо. Бул экоондо бир иш бар деп ойлогом.
0
33SUUN
2015-01-19 12:54:10
Зардал дегени эмне?
0
admin_superstan
2015-01-19 13:02:49
33SUUN, саламатсызбы! Зардал - аскер бөлүгүнүн башчысы.
0
Nurmuxammet
2015-01-19 14:27:53
Элдин конулун бурдуруу учун ойлоп табылган жомок.
0
KIPCHAK-KALMAK
2015-01-19 15:41:40
Башындан эле охотный куралдан ок чыккан деп турат ар декени жазабербегилечи
0
uulay
2015-01-19 15:51:57
Элуу мин учун бироонун чырактай баласы жатат жер кучактап,экинчиси жарым жан омур бою. Ал эми аткан жоокер жаштыгынын баарын турмодо откорот.Ана эми кумардын(азарт)кесепети
0
temirov76
2015-01-19 20:55:42
50мин сом учун адам атканы анча ишенеерлике окшобойт го,бул жерде башка эле бир соз бар болушу мумкун
+1
kanat_kyrgyz
2015-01-19 21:41:13
Кыргыз эл жомоктору озу кооп эле, ачыгын айтпайсынарбы? Солдаты офцерлер кыйнап, урду салдат чыдабай атып салды деп айтпайсынарбы?
0
ak-buura
2015-01-20 00:46:18
Элдин алдына чыгып кечирим сурап мойнуна алсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан