Орусияда курулушта кыргызстандык 2 жаран каза болду

Красноярскта курулушта иштеп жаткан 2 кыргызстандык жаран каза тапты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, 2 куруучу курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 15-кабатынын полун цементтеп жаткан учурда алардын бирин кран илип кеткен. Ал өзүн куткаруу максатында 2 куруучуну кармап, өзү менен кошо сүйрөп кеткен. Натыйжада ал экөө тең 15-кабаттан жерге кулап каза тапкан. Учурда кылмышка шектүү катары курулушта кранды башкарып иштеген 53 жаштагы тажикстандык жаран кармалды. "Каза тапкан 24 жана 34 жаштагы кыргызстандык жарандардын сөөктөрү жерге берүү үчүн Кыргызстанга жөнөтүлгөн",- деп айтылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bossmos7
2015-01-19 12:00:30
Жараткан сактасын!
+3
Ariet7
2015-01-19 12:44:36
жандары жаннатта болсун
.билип билбей кылган куноолору кечирилсин
+5
kursantbek
2015-01-19 13:54:01
Ariet7, амииин
+3
nazira1989
2015-01-19 15:48:20
Ээх бир тууганым,алыс,ботон жерде жанынар аманат.Озунорду этияттап,аман-эсен мекенибизге кайтышынарды Алладан тилейбиз,ата-эне,бир туугандардын бешенесине жанынар аман,денинер сак кайтып келгилечи...Эки мекендешибиздин бир туугандарына сабырдуулук,жандары жаннатта болсун.
+1
admin_superstan
2015-01-19 17:02:40
suli-krsk, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
0
kama_future_millioner
2015-01-19 17:15:25
Жакындарына сабыр берсин
+1
ArgenMers
2015-01-19 18:32:25
Кыргыз элим Кайсыл жерде болбогула Аман болгулачы Айланайындар!!!
+2
Manasemetei
2015-01-20 03:31:39
eh kyrgyzym
0
zama..kg..86
2015-01-20 13:37:15
Окунучдуу жаткан жери жайлу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан