Сириядагы согушка кыргызстандыктарды жөнөткөн жаран 4 жылга эркинен ажыратылды

Сириядагы согушка кыргызстандыктарды жөнөткөн жаран 4 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун соту 12-январда болуп өткөн отурумунда кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, эл аралык террордук уюмдун мүчөсү жана чагымчылдык менен алектенип келген 24 жаштагы Т.Ш. аттуу жаран КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси (жалданмачылык) боюнча күнөөлүү деп табылды.

Эске салсак, кармалган жаран Базар-Коргон районунун аймагында идеологиялык таасирге калгандарды азгыруу жана согуштук аракеттерге катышуу үчүн кыргызстандык жарандарды Сирияга жөнөтүү менен активдүү алектенген. Ал буга чейин бир нече кишини Сирияга жөнөтүп, дагы эки адамды ал жакка жөнөтүүгө даярдап жатканы аныкталган болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maksymtegin
2015-01-19 14:13:54
жаза аз болуп калыптыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан